Улытауда улуттук курултай чакырылды. Президенттин алдындагы консультациялык-кеңеш орган курамына 117 адам кирди. Жаңы институт улуттук, коомдук ишеним кеңешинин ишин улантып, бийлик менен элдин ортосундагы байланыш түйүнү катары кызмат кылат. Улуттук курултай «Жаңы Казакстан» идеясын ишке ашыруу боюнча ырааттуу иштердин уландысы болуп саналат. Ал өлкөнүн өнүгүү келечегин талкуулоочу аянтчага айланышы керек -дешет серепчилер.
Жамаладен Ибрагимов, тарыхчы:
- Муну айрым жарандарыбыз эгемендүүлүк алган кезде мекендештерибизди мекенге чакыра баштаган мурунку курултай менен чаташтырышат. Президенттин алдында түзүлгөн Улуттук курултайдын форматы өзүнчө жана заманбап. Анын миссиясы – мамлекет башчысына жана элге коомдогу көйгөйлөр менен милдеттер тууралуу маалымат жеткирүү. Жалпысынан алганда, мамлекеттеги өзгөрүштөр алкагында улуттук курултайдын алгачкы жыйынын Улытауда өтүшүнүн символикалык мааниси бар.
Которгон: Илгиз Жамалбеков