Казакстанда катуу пайдалуу кендерди өндүрүүгө лицензия алуунун жаңы форматы киргизилет

Казакстанда катуу пайдалуу кендерди өндүрүүгө лицензия алуунун жаңы форматы киргизилет

Казакстанда катуу пайдалуу кендерди өндүрүүгө лицензия алуунун жаңы форматы киргизилет. Эми лицензия алуу, аны карап чыгуу жана лицензия алуу процесстери толугу менен автоматташтырылат. Бардык функциялар жер казынасын пайдалануучулардын бирдиктүү платформасында электрондук форматта сунушталган. Индустрия жана инфраструктураны өнүктүрүү министрлиги автоматташтыруу адам факторун толугу менен жокко чыгарарын белгиледи. Дараметтүү инвесторлор инфраструктурадан баштап геологиялык жана геофизикалык отчетторго чейин суралган участок тууралуу толук маалымат алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Натыйжада геологиялык чалгындоо жана өндүрүш иштерине лицензия алуу боюнча бизнес-процесстерди тездетет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков