Жасалма интеллектти билим берүү тармагына киргизүү Казакстанга жаңы инвестицияларды тартат

Жасалма интеллектти билим берүү тармагына киргизүү Казакстанга жаңы инвестицияларды тартат

Казакстандын билим берүү системасына жасалма интеллектти киргизүү – өз убагында жасалган кадам. Муну эл аралык серепчилер да өзгөчө белгилешет. Эске сала кетсек, президент кол койгон Жарлыкка ылайык, 2029-жылга чейин өлкөдө толук кандуу санариптик билим берүү чөйрөсү түзүлүшү керек. Ошентип, мамлекет адамдык капиталды өнүктүрүүгө жана ата мекендик кадрлардын дүйнөлүк эмгек рыногундагы атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүнө басым жасап жатат, анда AI технологияларын билүү жакынкы аралыкта эле негизги компетенцияга айланат. Ошондуктан, азыркы башкы милдет – казакстандыктардын жаңы муунун санариптик трансформация шартында жашоого даярдоо. Мамлекеттик деңгээлде өлкөнүн билим берүү системасына жасалма интеллектти киргизүүнүн натыйжасында өлкө ичинде да, эл аралык деңгээлде да AI-демилгелерин өнүктүрүүгө жөндөмдүү адистер пайда болот, деп белгилейт маалыматтардын жана жасалма интеллект архитектору Мухаммад Авайс Эйджаз.

Мухаммад Авайс Эйджаз, жасалма интеллект жана маалымат архитектору:


– Менимче, бул чечим сөзсүз түрдө мультипликативдик эффект берет. Кыска мөөнөттө бул өлкө ичинде жасалма интеллектти киргизүү деңгээлин жогорулатууга жана калктын санариптик жана жасалма интеллект сабаттуулугун жакшыртууга өбөлгө түзөт. Биринчи кезекте жасалма интеллектти билим берүү системасына интеграциялоо аркылуу. Ал эми узак мөөнөттө Казакстанга жасалма интеллектти түшүнгөн жана жасалма интеллекттин глобалдык чөйрөсүнө салым кошууга даяр болгон адистерди көбүрөөк даярдоого шарт түзөт. Мындай технологиялар пайда болгон сайын Казакстан өз экономикасына көбүрөөк глобалдык инвестицияларды тарта алат.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков