«Казак тайганы тазы» породасынын уникалдуулугу тууралуу расмий патент алды. Улуттук интеллектуалдык менчик институту документти өлкөнүн айыл чарба министрлигинин мамлекеттик комиссиясынын чечиминин негизинде берди. Патенттин ээси «Кансонар» мергенчилер ассоциациясы болду. Ал улуттук ит породаларын сактоо менен алектенет. Эми алар дөбөт менен казак тайганы тазы сактап калуу, көбөйтүү жана кызыгуусун арттыруу үчүн жооптуу. Республиканын областтык асыроочу жайларда акыркылардын саны калыбына келтирилди. Порода катаал табигый-климаттык шарттарга жакшы ыңгайлашкан. Эске салсак, 2023-жылы президент Касым-Жомарт Токаев Мамлекеттик күзөт объекттеринин тизмесине казак ит породаларын киргизүү боюнча мыйзамга кол койгон. Ал эми өткөн жылы Эл аралык кинологиялык федерация тайганды расмий порода катары алдын ала таануу чечимин кабыл алып, Казакстанга стандарт ээси макамын бекиткен.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

