Казакстандык домбранын жаңы түрүн иштеп чыгып, патенттеди. Болат Канафин электрондук жаратууну ойлоп табууга 5 жыл жумшаган. Инновациялык иштеп чыгуу азырынча дүйнөдө теңдеши жок. Анын өзгөчөлүгү-бир эле учурда бир нече музыкалык аспаптардын үндөрүн чыгара алат. Чебер аны "миди домбра синтезатору" деп атап, мындайдын 3 түрүн жараткан. Эми автор өзүнүн алдына популярдуу казак аспабынын жаңы түрүн түрлөндүрүү жана өркүндөтүү ошондой эле аны дүйнө жүзүнө жайылтуу максатын коет. Ал эми келечекте сенсордук экраны бар домбраны түзүүнү пландап жатат.
Болат Канафин, чебер:
- Сенсордук экрандын жардамы аркылуу баскычтары жок куралды смартфон сыяктуу колдонууга болот. Анда 32 генератор, которуу жана 120 функция бар. Келерки жылы Жапонияга саякаттоону пландоодомун. Ал жерде домбранын үнүн чыгара турган электроника жасоону көздөп жатам. Андан ары казакстандык бренд кылуу ниетим бар.
Которгон: Илгиз Жамалбеков