Азербайжандын Шуша шаары – «Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору»

Азербайжандын Шуша шаары – «Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору»

Азербайжандын Шуша шаары 2023-жылы  түрк дүйнөсүнүн маданий борбору аталмакчы. Символдорду расмий тапшыруу аземи Түркияда өттү. Боордош өлкөлөр катышкан майрамдык салтанатта Казакстан, Азербайжан, Түркмөнстан, Түркия, Өзбекстан, Кыргызстан жана Орусиядан келген атайын жамаат өз өнөрлөрүн тартуулашты. Белгилей кетсек, түрк маданиятын дүйнөгө таанытуу максатында Бурсада жыл бою 50дөн ашык түрдүү иш-чаралар уюштурулган. Эски шаарда Кутлык кагандын эстелиги менен таанышуу, дүйнөлүк көчмөндөр оюндары да өттү.

Алинур Акташ, Бурса провинциясынын мэри:

- Биз өзүбүздүн миссиябызды аткарганыбызга кубанычтабыз. Ошол эле учурда акыркы туруктуу кеңешмеде, бизге түрк дүйнөсүнүн маданий борборлорун координациялоо милдети жүктөлдү. Биздин бул иш-аракеттерибиз боордош өлкөлөрдүн кызматташтыгын арттырат деп ишенем.

Акны Аху, салттуу жаа атуу бирикмесинин башчысы:

- Тектеш өлкөлөрдөн келген кесиптештерибиз менен таанышып, байланыш түздүк. Келечекте башка долбоорлордо да кызматташууну көздөп жатабыз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков