«Улуу Талаа» адабий сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды

«Улуу Талаа» адабий сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды

Астанада Эгемендүүлүк күнүн утурлай «Улуу Талаа» аттуу Республикалык чыгармачылык сынак жыйынтыкталды. Адабий мелдеш бешинчи жолу өткөрүлүп, салтка айланып калды. Быйылкы иш-чара Казак балдар адабиятынын классиги Бердибек Сокпакбаевдин 100 жылдыгына арналды. Мелдештин уюштуруучусу «Аманат» партиясы болду. Эмгектерди тандоо баш оона айынан тогуздун айынын аягына чейин жүргүзүлүп, 150 чыгарманын автору финалга чыкты. Жеңүүчүлөр 5 номинацияда жарыяланды: «Поэзия», «Проза», «балдар адабияты», «Драматургия» жана «Адабий сын». Аларга атайын сыйлыктар тапшырылды.


Ерлан Кошанов, Парламент Мажилисинин төрагасы, «AMANAT» партиясынын төрагасы:


- Биздин жалпы максатыбыз-элибизге кызмат кылуу, өлкөбүздүн келечеги үчүн талыкпай эмгектенүү. Элдин жана мамлекеттин кызыкчылыгына ак ниет кызмат кылуунун бул үлгүсүн биздин Президент Касым-Жомарт Кемел уулу Токаев көрсөтөт. Ал адилеттик, чынчылдык, патриоттуулук, эмгекчилдик, анын ичинде адал эмгек сыяктуу баалуулуктарга өзгөчө маани берет. Анткени бул баалуулуктар элдин руханий байлыктарын бекемдейт. Өлкөдөгү мындай баалуулуктар жана позитивдүү өзгөрүүлөр сиздердин чыгармаларыңызда да татыктуу чагылдырылышы керек деп ишенем.


Которгон: Илгиз Жамалбеков