Дайынсыз жоголгон казакстандык ардагерлердин рухуна таазим этти

Дайынсыз жоголгон казакстандык ардагерлердин рухуна таазим этти

Каардуу согуштун курмандыгы болгон эр жүрөк жоокерлердин рухуна таазим. Улуттук музейде Жеңиштин 80 жылдыгына арналган аскердик-патриоттук акция өттү. Иш-чарага өлкөнүн фронттогу жоокерлеринин урпактары, тыл жумушчулары, Куралдуу күчтөрдүн ардагерлери, студенттер катышты. Аскердик оркестр менен Улуттук гвардиянын ансамбли көрүүчүлөргө эрдикти, патриоттуулукту чагылдырган чыгармаларды камтыган концерт тартуулашты. Эр ысымы эл эсинде! Бул кечте кайрымдуу муун курман болгон баатырларына таазим кылышты. Казиза Наурызбаева үчүн өзгөчө күн болду. 90 жаштагы байбичеге атасынын сөөгү коюлган жерден бир ууч топурак салтанаттуу түрдө тапшырылды. Согуштан Наурызбай Жуматаевдин дайынсыз жоголду деген кайгылуу кабар келген. Аялы 4 баласы менен жесир калды. Эми 80 жылдан ашуун убакыт өткөндөн кийин анын сөөгү Орусиянын Нижегород облусунун Красная Горка айылындагы бир туугандар көрүстөнүнө коюлганы аныкталды. Эске салсак, акыркы маалыматтар боюнча, согуш жылдарында 270 миңден ашуун казакстандык жоокер дайынсыз жоголгон.


Казиза Наурызбаева, Тылдын эмгекчилери, ардагер Жуматай Наурызбаевдин кызы:


- Атам 1941-жылдын теке айынын 28де Семей облусу, мурунку Жарма районунун военкоматынан согушка аттанган. Андан үч бурчтуу каттар келип турган. Ал каттар бир жылга жетпей бүткөн. Апама жазган акыркы катында «мени башка ооруканага алып кетейин деп жатат» деп жазган экен. Ошентип, 1942-жылдын теке айында атамдан кабар келет. Башка ооруканада курман болгон экен. Мен ал кезде болгону 6 жашта элем.


Мурат Молдагалиев, «Atamnyn amanaty» КБ башкармасынын төрагасы:


- Жыл сайын жаңы маалыматтар чыгып, өзгөрүп турат. Биздин уюм үй-бүлөлүк санжырабызды, жалпы тарыхыбызды толуктоо максатында согуштан кайтпай калган казакстандык жоокерлер тууралуу ар тараптуу маалымат жыйнап, алардын көмүлгөн жерлерин издөө менен алектенет. Канча убакыт өтсө да кайрымдуу муун издөө чараларын токтоткон жок. Өткөн жылы эле 10 миңден ашык арыз түшкөн. Азырынча 4 жарым миңге жакынынын сөөгүн таптык.

Которгон: Илгиз Жамалбеков