Астанада бардык тукумдагы иттердин эл аралык көргөзмөсү өттү. Анын алкагында казак тазыларынын конкурсу да уюштурулган. Сынчылар үй жаныбарларын түрү жана турпаты боюнча баалашып, ошондой эле алардын санжырасы жана тукумунун тазалыгы жөнүндө документтерди изилдешти. Адистердин айтымында, казак тазылары аңчылыкка жакшы ыңгайлашкандыгы, кек сактабагандыгы менен айырмаланат. Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө Казакстандын кинологдор биримдигинде расмий катталган тайгандын саны 3 миңге жакын. Эл аралык кинологиялык федерациясы иттерди казактын ит тукуму катары расмий таану тууралуу чечимин кабыл алат деп күтүлүүдө. Жалпысынан эл аралык көргөзмөгө Казакстандан гана эмес, коңшу мамлекеттерден да иттер катышты.
Бауыржан Сериккали, Казакстан кинологдор союзунун президенти:
- Көргөзмө- тазы тукумун популярдуу кылуунун бир жолу. Мындан
тышкары, бул көргөзмөнүн алкагында биз текшерүүдөн өтүүгө мүмкүнчүлүк алган
асыл тукум эмес иттерди текшеребиз. Алардын жыйынтыгы боюнча тиешелүү эл аралык үлгүдөгү документтерди беребиз.
Кототргон: Илгиз
Жамалбеков