Осака шаарындагы ЭКСПОдо Казакстан павильону 100 миңинчи
коногун тосуп алды. Ал Нара шаарынын 37 жаштагы тургуну. Акиба Акихито - жеке
каржылык демилгелер боюнча жапон ассоциациясынын долбоордун менеджери. Анын айтымында,
казакстандык экспозиция өзүнүн уникалдуу мазмуну жана жогорку технологиядагы
экспонаттары менен коноктордун кызыгуусун жаратууда. Павильондун мейманы өлкөнү
өз көзү менен көргүсү келгенин айтты.
Акиба Акихито, Казакстан павильонунун 100 миңинчи коногу:
- Казакстандын павильонунан абдан таасирлендим. Айрыкча сак маданияты жана «Алтын адам» тууралуу видео презентациялар мени абдан таң калтырды. Мен үчүн Казак хандыгынын түзүлүшүн билүү кызыктуу болду. Тарых менен азыркы техника чеберчилик менен айкалыштырылган. ALEM аппараты өткөнүн унутпай, келечекке умтулган Казакстандын жаркын көрүнүшү. Бай маданияты жана кайталангыс тарыхы бар өлкө менен таанышууга мүмкүнчүлүк берген уюштуруучуларга ыраазычылык билдирем.
Казакстан павильонунда өлкөнүн тарыхы, маданияты,
каада-салты, жашоо-турмушу тууралуу кеңири маалымат алууга болот. Мындан
тышкары, туризм, инновация, экономикалык жана инвестициялык дарамети тууралуу таанышууга
болот. Эске сала кетсек, Осакадагы Дүйнөлүк EXPO көргөзмөсү тогуздун айына
чейин уланат. Кеңири масштабдуу иш-чарага 158 мамлекет жана 9 эл аралык уюм
катышууда.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

