Алар дароо эле Астананын бир нече сахналарында – жаш көрүүчүлөрдүн музыкалык театрында, «Каллеки» жана «Жастар» театрларында көрсөтүлөт. Быйылкы жылы маданий иш-чарага бир эле убакта өлкөнүн 8 театралдык жамааты жана Азербайжан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Кыргызстан жана Орусиядан келген коноктор катышууда. Жабылуу аземи тогуздун айынын 30унда болуп, жети түрдүү номинация боюнча жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылат. Фестивалда калыстар тобу мыкты спектакль, сценография, актёрлорду аныктайт. Ошондой эле уюштуруучулардын айтымында, быйыл театр искусствосун өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Азербайжан Мамбетов атындагы атайын сыйлык белгиленген.
Которгон: Илгиз Жамалбеков