«Астана
Опера» театры 10-сезонду уникалдуу симфониялык концерт менен жыйынтыктады.
Опералия фестивалын жапкан мааракелик
кеченин программасын маэстро Алан Бурибаев даярдаган. Анын жетекчилиги менен
театрдын чоң сахнасында биринчи жолу Ахмет менен Газиза Жубановдун атактуу
«Курмангазы» операсынан сюита коюлду. Концерттин экинчи бөлүгүндө Антонин Дворжак менен
Густав Малердин чыгармалары аткарылды. Дирижердун айтымында, бул репертуар
борбордогу театрдын ишмердүүлүгүнүн негизги багыттарынын бирин толук
чагылдырат. Бул баарынан мурда өлкөнүн улуттук искусствосун колдоо. Маэстро
белгилегендей, сюита бир эле
учурда улуттук операдан бир нече симфониялык үзүндүлөрдү өзүнө сиңирип алган. Ошол эле учурда том-том, бонго, вибрафон, ксилофон сыяктуу урма музыкалык аспаптардын
үнү аларга өзгөчө дем берди. Бирок сахнадагы виолончель
чыгармаларын чакырылган конок Цзин Чжао аткарды.
Алан
Бурибаев, Казакстандын эмгек сиңирген ишмери, Астана Опера театрынын башкы
дирижеру:
Мен
аны менен Жапонияда ойночумун, ал Астанада биз менен ойноо үчүн чакырууну кабыл
алганына абдан кубанычтамын, эми аны менен чоң масштабдагы Дворжак виолончель
концертин ойнойбуз, бул виолончелист үчүн чыгармалардын ичинен спектаклдин
көрсөткүчү. Виолончелист үчүн эң маанилүү ТОП 5 концертке кирген деп айта
алабыз. Театралдык сезон, менимче, окуяларга бай болду. Бул кубаныч. Анткени
бул жерде 10 жыл бою талыкпаган эмгек жатат. Себеби мында канча жаңы спектакль,
канча кызыктуу артисттер ойношту. Бул да болсо театрдын жетишкендиктери.
Которгон:
Илгиз Жамалбеков