Сал-серилик өнөрдүн негиздөөчүсү, элдик композитор Биржан сал Кожагул уулунун туулганына быйыл 190 жыл. Буга байланыштуу борбор калаада «Арканын ыр-күй мурасы» аттуу чыгармачылык кече өттү. Анда Биржан салдын кеңири тараган чыгармалары аткарылды. Мындан тышкары атактуу композитордун өмүрү жана чыгармачылыгы тууралуу көпчүлүккө белгисиз маалыматтар айтылды. Концерттин максаты – легендарлуу инсанды эскерүү эле эмес, теңдеши жок чыгармаларды улуттун маданий коду катары таанытуу. Андыктан мындай иш-чаралардын санын көбөйтүү абдан маанилүү дейт уюштуруучулар.
Ерлан Рыскали, «Казакконцерт» көркөм жетекчиси:
-Эми бул өнөр модага айланып, элдин кызыгуусу дагы артсын десек, анын пропагандасы күчтүү болушу керек. Бул тренд деп аталат. Тренд, ары жагы бренд. Бул - улуттук өнөр, ал биздин казак экендигибизди дүйнөгө көрсөткөн жана таңкалтырган улуттук өнөр.
Жангали Жүзбай, Казакстандын эмгек сиңирген ишмери:
-Биржанды үч жүздүн жакшылары аштарга чакырган. Чоң
айтыштарга чакырган. Анын аты тарыхта калды. Айтышкер акын болгонун элдин баары билет. Мисалы,
айтылуу «Биржан-Сара» айтышы. Эми болсо Биржан, Аркадагы, Жетисудагы, Түштүк, Күнгей,
Терискейдеги бардык сал-серилердин атасы жана устаты болгон. Андыктан ырчылык
өнөрдө анын орду өзгөчө.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков