«Өмүр агымы» деп аталган көркөм чыгармада кыштан кыштоого, жайлоого көчүп-конуп жүргөн малчы айылынын салттуу жашоо образы көрсөтүлгөн.
Башкы каарман – казактын адебин катуу сактаган, жети казынасын ыйык туткан аксакал. Ал мурунку көчмөн жашоосунан баш тарткысы келбейт. Бирок жаңы доор ага өзүнүн талаптарын, шарттарын таңуулай баштайт. Бул тасманын драмалык өзөгү болуп саналат. Тасма Кытайдын беделдүү Хуабяо кинофестивалында "Мыкты айыл темасындагы тасма" жана "Эң мыкты сүрөт" деген эки сыйлыкты жеңип алды. “Өмүр агымы” тасмасын тартуу үч жылга созулду. Анткени казактын салттуу турмушун чагылдыруу үчүн жаз, жай, күз, кыш мезгилдерин чагылдыруу зарыл болгон. Анын үстүнө казак айылынын көчөсүн көрсөтүү үчүн миңдеген бодо малды тасма тартылуучу жерге айдоого туура келген. Аба ырайы абдан өзгөрүп, өзгөчө кырдаал учурунда тартылган кадрлар да керекке жараган.
Которгон: Илгиз Жамалбеков