Бул жерде билим алган 19 солистке расмий түрдө сертификаттар тапшырылды. 2 жылдык окуунун жүрүшүндө аткаруучулар өздөрүнүн вокалдык чеберчилигин гана жогорулатпастан, теңдешсиз тажрыйбага ээ болушту. Алар борбор калаадагы жана чет элдик театрлардын спектаклдеринде негизги партияларды аткарышты көптөгөн эл аралык, республикалык сынактарга катышып, мыкты аталышты. Бүтүрүүчүлөрдүн бири Гүлдана Алдадосова жаш болсо да Хибла Герзмава атындагы вокалисттер жана концертмейстерлер сыйлыгынын лауреаты.
Гүлдана Алдадосова, ASTANA OPERA академиясынын бүтүрүүчүсү:
Биз чет өлкөдөн эмес, ушул жерден билим алдык. Казакстанда окуу бул эң сонун мүмкүнчүлүк. 2 жылдык окуу мезгилинде мен Чимарозанын «Жашыруун нике» партиясында Лизеттаны, Россининин «Севильдеги чач тарач» спектаклинде Розинанын партиясын аткардым. Болгону үч күн мурун биздин театрда өткөн Джоаккино Россининин атактуу «Алжирдеги Италия сулуусу» операсында мага Эльвиранын ролун ойноого мүмкүнчүлүк берилди.
«Астана Опера» академиясынын студенттери эки жылдык уникалдуу автордук программадан өтүштү. Алар белгилүү эл аралык машыктыруучулардан вокалдык сабактарды үйрөнүп, ошондой эле опера тилдерин - немис, италия жана француз тилдерин өздөштүрдү. Андан сырткары сүйлөө техникасын, сахнада өзүн алып жүрүү маданиятын өнүктүрүштү.
Айсулу Тани, эл аралдык Астана Опера академиясынын окуу бөлүмүнүн жетекчиси, аткаруучу мүдүрү:
Эки жылдын ичинде бизге 10-11 атактуу эл аралык вокалист келди. Биздин солисттердин баары Казакстандан. Бул биздин мамлекеттин опералык вокалдык искусствосун жайылтууда академиянын негизги милдеттеринин бири. Жалпысынан алганда жыл академиянын сүрөтчүлөрү үчүн абдан жемиштүү болду. 5 опера коюлуп, ар кандай эл аралык сынактардын жеңүүчүсү болдук.
Которгон: Илгиз Жамалбеков