Silk Way Star: Финалдык cынакка даярдык кызуу жүрүүдө

Silk Way Star: Финалдык cынакка даярдык кызуу жүрүүдө

«Silk Way Star» долбоорунун 10-этабынын тогузу артта калды. Алдыдагы ишемби чечүүчү учур. Ошондуктан финалга даярдык кызуу жүрүп жатат. Гранд-финалда ар бир катышуучу эне тилинде ырдап, улуттук өзгөчөлүгүн сахналаштырышы керек. Корутунду этапка жолдомо алган жети өнөрпоздун бири - Өзбекстандын жаш жана таланттуу ырчысы Мадинабону Адылова. Казакстанда өтүп жаткан долбоор ага дүйнөлүк деңгээлде күйөрмандарын көбөйтүп гана тим болбостон, ошондой эле өнөрүнө жаңы чыгармачылык дем бериптир. Ал эми бул сынак өнөр үчүн чек жок экенин дагы бир жолу далилдеп, элдерди бириктиргенин белгилейт.

Мадинабону Адылова, Silk Way Star тандоосунун финалисти:

- Колдоо чындыгында эле чоң болду. Өзбекстандагы көптөгөн ЖМКлар бул жаңылыкты «колдойлу» деп жарыша жазышты. Инстаграмдагы катталуучуларым да абдан чоң колдоо көрсөтүп жатышат. Албетте, бул керемет сезим. Өзбекстандын ушундай эл аралык долбоордун финалына чыкканы баарыбыз үчүн чоң сыймык.

Которгон: Илгиз Жамалбеков