Испаниядагы фестивалда Казакстандын анимациялык тасмасы мыкты аталды

Испаниядагы фестивалда Казакстандын анимациялык тасмасы мыкты аталды

Жалпысынан MADFA Madrid Film Awards - 2023 сынагына бир жарым миң эмгек сунушталган. Өлкөнүн Маданият жана спорт министрлиги тараткан билдирүүдө айтылгандай, эл аралык сынакта кезектеги баш байгеге ээ болушу ата мекендик анимация өндүрүшүнүн соңку жылдары тез өнүгүп баратканынан кабар берет.

Асхат Оралов, маданият жана спорт министри:

- Маданият жана спорт министрлиги 2030-жылга чейин жалпы прокаттагы казак тасмаларынын, анын ичинде анимациялык фильмдердин үлүшүн 35%га чейин көбөйтүүнү пландоодо. Бул үчүн жыл сайын 10дон кем эмес анимациялык долбоорлор түзүлөт. Өткөн жылы республикада биринчи жолу «Казак анимация» чыгармачылык бирикмеси түзүлдү. Бул уюм ата мекендик анимация адистеринин квалификациясын жогорулатып, анимациялык долбоорлорду даярдоого колдоо көрсөтөт.

«Бешик ыры» анимациялык тасмасы өсүп келе жаткан муундарды казак элинин байыркы ишенимдери менен тааныштырууга мүмкүндүк берет. Окуя баласы ооруп калган жаш үй-бүлөнүн тегерегинде болот. Бакшы, кара күчтөрдүн айынан баланы айыктыра албайт. Айласы кеткен эне кичинекейинин дартына даба издеп, Умай энеден жардам сурайт. Соңунда тилеги орундалган үйдөн жамандык качып, бала толук айыгып чыгат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков