Петр Чайковскийдин атактуу «Ак куу көлү»
балети «Астана Опера» сахнасында коюлат. Ысымы дүйнөгө таанымал композитордун
улуу махаббат сезими баяндалган шедевр чыгармасын борбор калаа тургундары менен
коноктору үчтүн айынын 18-19 күндөрү көрө алышат. Жаңы классикалык спектаклди
балет труппасынын көркөм жетекчиси Алтынай Асылмуратова сунуштайт. Азыр
искусство жамааты кызуу камданып, соңку иштерге киришти. Артисттер үчүн бул
партияларга даярдануу алдыңкы техниканы, актердук чеберчиликти талап кылган
чыныгы сынак. Дүйнөдөгү эң белгилүү балет спектаклдеринин бири чоң чеберчиликти
жана каармандардын кыймыл аракетин көркөм жеткирүү менен катар алардын кулк-мүнөзүн
кылдат түшүнүүнү талап кылат. Көрүүчүлөр костюмдарга, таасирдүү декорацияларга
жана музыкага бөлөнүшөт. Премьеранын алгачкы күнүндө Одетта менен Одиллиянын
ролун театр алдыңкы солисти Айгерим Бекетаева аткарат. Аны менен бирге принц
Зигфриддин партиясында театрдын солисти Диас Курмангазы концерт берет. Ал эми
экинчи күнү алардын ордуна Софья Адильханова менен Еркин Базарбаевдин аталган спектаклдеги
дебюту болмокчу.
Айгерим Бекетаева, «Астана Опера» театрынын
жетекчи солисти:
- Мен аталган партия менен жылдан жылга
өзгөрүп, өсүп келем. Одиллияга деген көз карашым өзгөчө. Убакыттын өтүшү менен,
турмуштук тажрыйбама таянып, азыр бул образды толук билип, өзүмдү багындырдым
деп айта алам. Софияга бул уникалдуу көрүнүштү жаратууда тыкан болушун каалайм.
Бул балерина тажрыйбасынын көрсөткүчү. Ошондуктан, алар бири-биринин
түрлөнүүсүнө, өнүгүшүнө салым кошушат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

