Астанада Караганды театры өнөр көрсөттү

Караганды академиялык музыкалык комедия театры борбор калаанын көрүүчүлөрүн кубандырды. Жамаат Астана операсынын чоң сахнасында 6 спектаклди тартуулады. 3 күндүк гастролдук сапарын «Сильва» опереттасы ачты. Спектакль мюзиклдер дүйнөсүндөгү сүйүү окуясын айтып берди. Симфониялык оркестрдин коштоосунда «Венециядагы түн» жана «Хануманын куулугу» музыкалык комедиялары да жергиликтүү искусство сүйүүчүлөрүнүн көңүлүн бурду.

Балдардын программасы да кызыктуу чыгармаларга жык толгон. «Күлбике», «Дымбилбес», «Буурчак үстүндүгү ханыша» күлкүлүү жомоктору жана көрктүү чопо жаш көрүүчүлөргө өчпөс, жаркын таасир калтырды.

Белгилей кетсек, бул өлкөдөгү опера жана мюзикл жанрларын айкалыштырган жалгыз театр. Жарым кылымда түзүлгөн кара шанырак фондунда дагы көптөгөн сонун эмгектер бар. Алар кийинки сапарларда  болот – дейт театр жетекчиси.

Амантай Ыбраев, Караганды Академиялык музыкалык комедия театрынын жетекчиси:

– Жыл сайын баш оона айында мындай гастролдорго баруу жакшы салтка айланды. Адаттагыдай эле биз фондубузга ар түрдүү жанрдагы мыкты чыгармаларды, кызыктуу программаларды жана эң күчтүү сценаларды, жаңы солисттерди, музыканттарды жана балет труппаларын алып келүүгө аракет кылабыз. Максаты – борбордун бай маданий демин кеңейтүү. Дүйнөлүк классикалык театр искусствосунун шедеврлеринен ырахат алган жарашыктуу борбор калаанын көрүүчүсү - биздин искусствону жогору баалаганы биз үчүн чоң сыймык.

Которгон: Илгиз Жамалбеков