Казакстан жана Франция маданият тармагында долбоорлорду ишке ашырууда

Казакстан жана Франция маданият тармагында долбоорлорду ишке ашырууда

Казакстанда ALIPH глобалдык фонду жана Европа Биримдиги менен биргеликте маданий мурастарды коргоо боюнча 9 долбоор ишке ашырылууда. Алар Алматыдагы Улуттук искусство музейиндеги байыркы скульптураларды реставрациялоого, «Bölme» дисциплиналар аралык мектебинде архитекторлорду, искусство таануучуларды жана дизайнерлерди окутууга, Казакстандын Улуттук китепканасында кол жазмаларды реставрациялоо боюнча тренингдерди жана музеология форумун өткөрүүгө багытталган. Ушундай эле долбоорлор Борбор Азиянын башка өлкөлөрүндө да ишке киргизилди. Алардын жалпы саны 30га жетет. Долбоорлорду каржылоого Евробиримдик жана Мурастарды коргоо боюнча эл аралык альянс тарабынан 1,5 миллион евро бөлүнгөн.


Валери Фрелан, Aliph аткаруучу мүдүрү:


Мен Казакстанга бир нече жума мурун өнөктөштөрүбүз менен бирге баштаган маданий мурастарды коргоо боюнча долбоорлордун ишке ашырылышын көрүү үчүн келдим. Мындан тышкары, биз казак тарап менен кызматташуу боюнча жаңы идеялар менен бөлүштүк, аларды жакынкы жумаларда деталдуу талкуулайбыз. Казакстан жана биздин фонд маданий баалуулуктарды сактоо багытында биргелешип иш алып барууга кызыкдар.


Сильван Гиоге, Франциянын Казакстандагы элчиси:


Биздин маданият тармагындагы кызматташтыгыбыз абдан динамикалуу өнүгүүдө. Мисалы, эки жыл мурда Президент Токаев Францияга мамлекеттик сапар менен барганда, Маргулан институту менен биздин Inrap ортосунда археология жаатында абдан маанилүү келишимге кол коюлган. Айрым долбоорлор ишке ашырылууда. Мисалы, Париждеги Помпиду борбору менен Алматыдагы заманбап искусство музейинин ортосунда активдүү байланыштар бар. Помпиду музейинин экспонаттары Алматыда көрсөтүлөт деп үмүттөнөбүз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков