Кен-металлургия
комплекси Казакстандын өнөр жай өнүгүүсүнүн негизги драйверлеринин бири бойдон
калууда. Өлкө кен-байлыктарды өздөштүрүүгө гана эмес, жогорку кошумча нарктуу
заманбап өндүрүштөрдү түзүүгө да басым жасап жатат. Бул маселелер борбордо 16
өлкөдөн, анын ичинде Бельгия, Улуу Британия, Евробиримдик, Канада, Кытай, БАЭ,
Сауд Аравиясы, АКШ жана Түштүк Кореядан миң жарым делегатты чогулткан Astana
Mining & Metallurgy эл аралык конгрессте борбордук орунду ээледи.
Мамлекеттик органдардын, бизнестин жана дүйнөлүк алдыңкы компаниялардын
өкүлдөрү иш-чаранын аянтчаларында чийки затты терең иштетүү боюнча долбоорлорду
өнүктүрүү, жогорку технологиялуу тармактар үчүн өнүм өндүрүү, ошондой эле өнөр
жайга санариптик жана жасалма интеллект чечимдерин киргизүү боюнча талкуулашты.
Казакстандын Премьер-министри белгилегендей, тармактын артыкчылыктарына өтө
маанилүү минералдарды өздөштүрүү, жаңы металлургиялык өндүрүштөрдү өнүктүрүү
жана стратегиялык инвесторлорду тартуу кирет. Олжас Бектеновдун айтымында,
мындай масштабдуу долбоорлорду ишке ашыруу үчүн Казакстан ырааттуу түрдө
инвестициялык климатты бекемдеп, өнөр жай инфраструктурасын өнүктүрүп, жогорку
кайра иштетүүчү өнүмдөрдү чыгаруу үчүн шарттарды түзүүдө. Өлкөдө геологиялык
чалгындоо иштерине да өзгөчө көңүл бурулат. Кийинки 2 жылда бул багытка 470
миллион доллар багытталат. Казакстанда аймакты геологиялык картага түшүрүү
иштери башталды, анын жыйынтыгында жер алдындагы изилдөө аянты 2 миллион чарчы чакырымдан
ашат.
Олжас Бектенов, Казакстан Республикасынын
Премьер-министри:
– Жаңы Конституция өлкө Президенти Касым-Жомарт Токаев жүргүзүп жаткан саясаттын институционалдык негиздерин бекемдейт. Ал менчикти жана инвестицияларды коргоо кепилдиктерин күчөтүп, мыйзам үстөмдүгүнүн принциптерин бекемдейт жана өлкөнүн узак мөөнөттүү экономикалык өнүгүүсү үчүн туруктуу негизди түзөт. Тоо-кен жана металлургия комплексин мындан ары өнүктүрүү үчүн бул өзгөчө мааниге ээ. Жер казынасын пайдалануу, металлургия жана терең иштетүү чөйрөсүндөгү ири долбоорлорду ишке ашыруу үчүн олуттуу инвестициялар жана узак инвестициялык циклдар талап кылынат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

