Шанхай Кызматташтык Уюмуна кирген өлкөлөр терроризмге, сепаратизмге жана экстремизмге каршы күрөштө кызматташууну бекемдейт. Кечээ Астана саммитинин алкагында Биримдикке мүчө мамлекеттердин лидерлери тийиштүү программалык документке кол коюшту. 2025-2027-жылдарды камтыган келишимде атайын теориялык жана практикалык иш-чаралардын комплекси каралган. Негизги максат – ар кандай идеологиялык баалуулуктарды каржылоо жана жайылтуу менен алектенген түрдүү кылмыштуу уюмдардын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу. «Шанхай ондугу» терс тенденцияларды алдын алып, өз аймагында коопсуздук чараларын күчөтөрү тууралуу уюмдун аймактык антитеррордук түзүмүнүн аткаруу комитетинин мүдүрү эксклюзивдүү маегинде айтты. Руслан Мирзаев саммиттин алкагында түзүлгөн каналдын көчмө студиясынын коногу болду. Ал комитеттин акыркы 20 жылдагы жана 2023-жылдагы ишинин жыйынтыгы менен бөлүштү.
Руслан Мирзаев, ШКУнун аймактык терроризмге каршы түзүмүнүн аткаруучу комитетинин мүдүрү:
– Кийинки 20 жылдын ичинде биз 19 биргелешкен антитеррордук машыгууларды өткөрдүк жана 8 биргелешкен чек ара операциясы уюштурулду. Былтыркы жылдын жыйынтыгына келсек, биз 4 кибер машыгуу өткөрдүк. Биздин органдар менен атайын кызматтардын ыкчам маалымат алмашуусунун аркасында 750гө жакын террористтик жана экстремисттик кылмыштар тергелди. Бардык түзүмдөрдүн биргелешкен аракетинин натыйжасында 180ге жакын террордук актынын алдын алдык.
Которгон: Илгиз Жамалбеков