Алматыда биринчи жолу эң ири технологиялык көргөзмө өтүп жатат

Алматыда биринчи жолу эң ири технологиялык көргөзмө өтүп жатат

Алматы технологиянын борборуна айланды. Жасалма интеллект жана санариптик технологиялар жаатындагы эң ири иш-чара болгон GITEX AI Kazakhstan көргөзмөсү 300дөн ашык компанияны жана стартаптарды, ошондой эле 60 өлкөдөн жүздөгөн инвесторлорду чогултту. Казакстандык мегаполис бул санариптик эстафетаны Бириккен Араб Эмираттарынан расмий түрдө кабыл алды, ал жерде GITEX экосистемасы 40 жылдан ашык убакыттан бери өзгөчө белги болуп келген. «Атакент» көргөзмө борборунун павильондору ири хабга айланып, санариптик экономиканын келечегин – AI жана финтехтен киберкоопсуздукка, Индустрия 4.0 жана акылдуу энергияга чейин талкуулоо үчүн мейкиндикти түздү, ошондой эле жаңы өнөктөштүктөрдү иш жүзүндө ишке киргизди.


Нурмахан Закарин, Astana Hub өкүлү:


–  Биз үчүн бул Казакстандын Борбордук Евразиядагы санариптик борбор катары макамын көрсөтүп турат. Мындай форумдар аркылуу биз өлкөбүздүн инвестициялык жагымдуулугун андан ары жогорулатып, алдыңкы инвесторлорду таап, стартаптарыбыздын өсүшүнө жана башка рынокторго чыгуусуна шарт түзө алабыз.


Стивен Фэй, Gitex Ai Kazakhstan катышуучусу, КЭР:


Мен мурда Дубайда, Берлинде жана башка өлкөлөрдө өткөн көптөгөн Giatex көргөзмөлөрүнө катышкам. Азыр мен Казакстандамын жана бул укмуштуудай. Анын азыр ушул жерде өтүп жатканына кубанычтамын. Менимче, Казакстан аймактагы негизги инновациялык борборлордун бири.


Көргөзмө ири IT компаниялары үчүн жаңы технологиялардын көргөзмөсү болгону менен, стартаптарга өздөрүн көрсөтүү жана инвестиция тартуу үчүн реалдуу мүмкүнчүлүк берет. Павильондордо жасалма интеллектке негизделген даяр чечимдер бар. Алардын бири - казакстандык тиркеме - психологдорго жана кесиптик багыттоо боюнча адистерге көмөктөшүүчү мектеп окуучулары үчүн жасалма интеллект платформасы. Нейрондук тармак балдардын тесттерин талдайт, тобокелдик зоналарын аныктайт. Дагы бир иштеп чыгуу - бул AIQ тарабынан өнөр жай коопсуздугу үчүн түзүлгөн «акылдуу көз» тутуму. Система видеону реалдуу убакыт режиминде автоматтык түрдө талдайт.


Лариса Тагариева, Aiq өкүлү:


Мисалы, курулуш аянтчаларында биз коопсуздукту жана өрттү аныктоону баалап жатабыз — эгерде, Кудай сактасын, бир нерсе болуп кетсе, дароо сигнал берилет. Ошентип, бул жерде биз кооптуу өндүрүштүн бардык мүмкүнчүлүктөрүн азайтып, өндүрүш процесстерин оптималдаштырып жатабыз.


Адистердин айтымында, Казакстан жөн гана диалог үчүн платформа түзгөн, инвестицияларды тарткан жана инновациялык экономиканы өнүктүргөн эл аралык форумду өткөрүп тим болбостон, технология жана жасалма интеллект боюнча макамын бекемдеп жатат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков