Казакстан быйыл 12 млн тоннадан ашык дан экспорттоого даяр

Казакстан быйыл 12 млн тоннадан ашык дан экспорттоого даяр

Казакстан быйыл 12 миллион тонна эгин экспорттоого даяр. Алардын көбү – 7,5 миллион тоннага жакыны, тагыраак айтканда – буудай. Муну менен бирге өлкө Борбордук Азиянын жана Ооганстан мамлекеттерине 4 миллион тоннадан ашык өнүм жеткирүүнү улантат. Өкмөт оруп-жыюу өнөктүгүнүн жыйынтыгын чыгарды. Республика — 26,5 миллион тонна дан бастырууга жетишип рекорду койду. Ал эми айыл чарба өсүмдүктөрүнүн аянты 23 миллион гектардан ашык болду. Эми профилдик мекемелер өнүмдү салттуу рынокторго жеткирүүнү да, жаңыларын өздөштүрүүнү да камсыз кылышы керек. Соода жана интеграция вице-министри Кайрат Торебаевдин айтымында, азыр республиканын Азия өлкөлөрүнө жана Кытайга буудайдын экспортун 1,6 миллион тоннага чейин көбөйтүү мүмкүнчүлүгү бар. Алсак, өткөн жылы Кытайга дан эгиндерин жеткирүү 15 эсе көбөйгөн, бул 538 миң тоннадан ашык. Ошондой эле, Казакстан Европа өлкөлөрүнүн, анын ичинде Италиянын, Латвиянын жана Испаниянын рыноктору менен бирге башка экспорттук багыттарга да кызыкдар.

Кайрат Торебаев, соода жана интеграция вице-министри:

– Түркияга жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө экспорт мүмкүнчүлүгү дээрлик 1 млн тонна буудайды түзөт. Иран рыногуна жеткирүүнү калыбына келтирүү маанилүү. Арпа боюнча биз азыр динамиканы көрүп жатабыз, сооданы каржылоо жана логистика маселелери иштелип чыгат. Импорттун өсүшү болжолдонгон Пакистан, Индонезия жана Бразилия, Малайзия сыяктуу жаңы рыноктордо казакстандык буудайдын брендин илгерилетүү боюнча иштер активдештирилет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков