Казакстан Ислам өнүктүрүү банкы менен долбоорлорду мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдар

Казакстан Ислам өнүктүрүү банкы менен долбоорлорду мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдар

Казакстан Ислам өнүктүрүү банкы менен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар. Улуттук экономика министрлигинен билдиришкендей, атап айтканда, инфраструктура, азык-түлүк жана суу коопсуздугу жаатында кызматташуу түзүлөт. Каржы институту өлкө менен өз ара пайдалуу өнөктөштүктү бекемдөөгө даяр. Белгилей кетсек, Ислам өнүктүрүү банкы өз ара аракеттенүү жылдарында Казакстандын экономикасынын артыкчылыктуу тармактарына жана социалдык долбоорлорго бир жарым миллиард доллардан ашык инвестиция салган.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков