Жаңы экономикалык саясат Казакстандын өнүгүү жолунун негизги кыймылдаткыч күчү болууга тийиш. Ал үчүн биринчи кезекте жеке бизнес ээлери менен мамлекет ортосундагы мамилени чыңдап, биргелешкен иш-чаралардын мерчемин бекитүү зарыл. Президенттин бизнес-коомчулук менен жолугушуусунда айтылган бул негизги принциптер менен милдеттер ата мекендик жана чет элдик серепчилер тарабынан кызуу талкууланып жатат. Алар кызматташуунун бизнес жана өкмөт модели эки тарап үчүн бирдей пайдалуу деп эсептешет. Бул өз кезегинде ири бизнес менен өкмөттүн ортосундагы түзүлгөн өнөктөштүктү кеңейтип, тармакты ар тараптандырууга жол ачат. Ал эми мамлекет негизги киреше булагы жана өлкөдө жаңы жумуш орундарын түзүүчү субъект катары салыктык киреше түрүндөгү бизнеске муктаж.
Сергей Домнин, экономикалык серепчи:
- Касым-Жомарт Токаев сунуштаган жаңы модель ири бизнес өлкөнүн өнүгүшү үчүн бийлик менен бирдей жоопкерчиликте экенин ачык көрсөтүп турат. Бул жараян мүмкүн болушунча ачык болот. Мамлекет өз кезегинде аны толугу менен жөнгө салышы керек. Ал эми бизнес негизги капиталга инвестицияны, жумуш орундарын түзүүнү камсыз кылууга тийиш. Негизи мамлекет менен бизнес бири-бирин колдош үчүн ушундай ынтымакта иштеши керек. Бул эки тарап үчүн абдан эффективдүү боло турган үлгү экени талашсыз.
Эске салсак, Касым-Жомарт Токаев үчтүн айынын 21де өлкөнүн ири ишкерлери менен жолугушкан. Анда президент ата мекендик бизнес ээлерин мекенчилдикти жана социалдык жоопкерчиликти көрсөтүүгө, капитал, тажрыйба, менеджмент сыяктуу ресурстарды рынокту жаңыча талдоого жана улуттук экономиканы кайра курууга багыттоого чакырган.
Которгон: Илгиз Жамалбеков