2022-жылы Астанага рекорддук деңгээлде инвестиция тартылат

2022-жылы Астанага рекорддук деңгээлде инвестиция тартылат

Италиялык инвесторлор шамал электр станциясын курууга кызыкдар. Мындай кадамдар ишке ашса, анын кубаттуулугун 50 мВттан эки эсеге көбөйтүү мерчемделип жатат. Борбор калаанын инвестициялык планы менен Астана өнүктүрүү борбору бөлүштү. Ошондой эле, европалык бизнес өлкөнүн борборунда көмүртектүү була заводун курууга кызыкдар экенин билдирди. Эски континенттин ишкерлери жаңы өндүрүш борборун курууга 80 миллион евро салууга даяр экендиктерин маалымдашты. Бардыгы болуп акыркы үч жылдын ичинде Астанага 3,9 миллиард доллар чет өлкөлүк капитал тартылган. Өткөн жылы шаардын экономикасына тартылган түз чет элдик инвестициянын көлөмү эки эсеге өсүп, 2 миллиард 200 миллион долларга жетти. Жалпысынан өткөн жылы шаарды өнүктүрүүгө рекорддук суммадагы каражат жумшалды. Инвестициялардын жалпы көлөмү бир жарым триллион теңгени түздү. Тармак адистеринин айтымында, каржылоонун басымдуу бөлүгү курулуш, өнөр жай, логистика, билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармагына багытталган. Максаты – Астананын экономикалык жана социалдык абалынын өнүгүшүнө түрткү берүү.

Ербол Канафин, «Астана өнүктүрүү борбору» ЖЧК башкарма төрагасынын орун басары:

- Биздин компаниянын көзөмөлүндө жалпы баасы болжол менен бир триллион теңгеге барабар 150дөн ашык долбоорлор бар. Анын басымдуу бөлүгү кайра иштетүү өнөр жай тармагында ишке ашырылып жатат. Транспорттук логистика жакшы өнүгүүдө. Социалдык чөйрөгө да артыкчылык берилген. Жеке инвестициялардын эсебинен борбор калаада 30га жакын мектеп курулушу колго алынды. Билим берүү борборлорунун бир бөлүгү пайдаланууга берилди. Быйыл дагы бир нече билим берүү мекемелеринин курулушун бүтүрүп, пайдаланууга берүүнү көздөп жатабыз. Жалпысынан 2025-жылга чейин бир нече жаңы мектептерди ачуу каралууда.

Которгон: Илгиз Жамалбеков