Казак балетинин легендасы Болат Аюханов 85 жашында дүйнө салды. Ал Алматы хореографиялык окуу жайын бүтүрүп, Абай атындагы опера жана балет театрынын солисти болгон. 1967-жылы Алматы жаштар балетин түзүп, кийин ал Мамлекеттик академиялык бий театры болуп өзгөртүлүп, өмүрүнүн акырына чейин театрды башкарды. Ал түзгөн ансамбль Европа менен Азияга гастролдук сапарларга чыгып, бир нече жогорку сыйлыктарга ээ болгон. Таланттуу хореограф жана балетмейстер дүйнөлүк аренада казак композиторлорунун музыкасына 30дан ашык спектакль койгон.
Которгон: Илгиз Жамалбеков