«Алтын адам» атамекендик анимациялык тасмасы жарыкка чыкты

«Алтын адам» атамекендик анимациялык тасмасы жарыкка чыкты

Ата мекендик анимация дагы бир жаңы чыгарма менен толукталды. Эми «Алтын адам» анимациялык тасмасы көрсөтүлө баштайт. Толук метраждуу чыгармада «Түбөлүк отту» издеп Хан-Теңири чокусуна аттанган сак жоокеринин чырмалышкан окуялары баяндалат. Жолдо ар кандай сыноолорду жеңип, Улуу Талаага түшкөн зулумдукту жеңет. Тасмада сактардын тарыхы, маданияты жана согуш өнөрү таасирдүү чагылдырылган. Жаш көрүүчүлөрдүн таанып-билүү мейкиндигин кеңейтүүнү көздөгөн чыгармадагы тарыхый маалыматтар түшүнүктүү, жеңил тил менен берилген. Башкы каарман Аңкыл жаш муундарга эрдик менен баатырдыктын, берилгендиктин жана рухий күчтүн үлгүсү болуп саналат.

Турдыбек Майдан, «Алтын адам» анимациялык тасмасынын режиссеру:

- Биздин тарыхтагы эң баалуу экспонат-бул алтын соот. Дүйнө бизди ушул баалуу мурас менен тааныйт. Бул экспонат соотту көргөндө балдарда суроо туулат, муну кандай адам кийди экен деген? Бул суроого тасма аркылуу жооп бергибиз келди. Биз жаш өспүрүмдөргө Алтын адам сыртынан жалтырак гана эмес, руханий жактан да бай адам экендигин айткыбыз келди.

Уларбек Нургалым уулу, «Алтын адам» анимациялык тасмасынын сценарий автору:

- Алматы шаарындагы көз карандысыздык монументинин үстүндөгү «Алтын адам» төрт жебе кармап турат. Биз мультфильмибиздин сюжетинде алардын ар биринин маанисин ачып берүүгө аракет кылдык. Алардын алгачкы үчөө – эрдик, адилеттүүлүк жана акылмандуулук. Ал эми төртүнчүсүн каарман өзү издейт – бул боорукердик жебеси.

Которгон: Илгиз Жамлабеков