Кытайда Казакстандын маданий борбору ачылды

Кытайда Казакстандын маданий борбору ачылды

Касым-Жомарт Токаевдин Кытайга болгон сапарынын алкагында Пекинде Казакстандын Кытайдагы маданият борборунун ачылыш аземи болуп өттү. Мамлекет башчысы өз сөзүндө бул окуя эки элдин руханий турмушу үчүн тарыхый жана маанилүү экенин белгиледи. Искусство жана маданият – ар кандай элдерди бириктирген алтын көпүрө. Ошондуктан, маданий-гуманитардык байланыштар канчалык бекем болсо, достугубуз ошончолук бекем болот, – деп баса белгиледи Казакстандын Президенти. Өз кезегинде, Астанада өткөн жылы Бээжин тил жана маданият университетинин филиалы ачылган, ал эми жакында эле Лу Бандын бир нече устаканасы ишке киргизилди. Мамлекет башчысы Кытайга болгон расмий сапарынын жыйынтыгын да чыгарды.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын президенти:

- Улуу талаа менен Улуу Кытайдын ортосундагы руханий-маданий байланыштар эч качан үзүлгөн эмес. Аларды сактап, көбөйтүү – өтө маанилүү милдет. Бул иште казак элинин бай мурасын жана өзүнчө каада-салттарын жайылтууга багытталган Улуттук маданият борбору өзгөчө роль ойнойт деп ишенем. Борбор ошондой эле эки өлкөнүн жаштары алдыңкы билим алып, жаратман идеялар менен бөлүшө турган аянтчага айланат.

Касым-Жомарт Токаев Кытайдын маданият жана туризм министри Суль Елинин коштоосунда маданий борбор менен таанышты. Бул жерде китепкана, казак тили, музыка, чыгармачылык кабинеттери, ошондой эле байыркы сак доорунан XX кылымдын башына чейинки тарыхый экспонаттар коюлган көргөзмө залы бар. Ошондой эле бул жерде жогорку даражалуу конокторду казак тилиндеги билими менен таң калтырган кытайлык окуучулар тосуп алышты. Алар ошондой эле домбрада казак жана кытайдын белгилүү чыгармаларынан попурри ойноп беришти.

Которгон: Илгиз Жамалбеков