Түркмөнстандын мамлекеттик музейинде декоративдик-прикладдык искусство көргөзмөсү өтүүдө. Ал өлкөнүн маданиятына чоң таасир тийгизген көрүнүктүү акын жана ойчул Махтумкули Фраганын 300 жылдыгына арналууда. «Заманбап искусство чыгармаларынын гармониясы» экспозициясы республиканын бай мурастарын, тарыхын жана салттарын чагылдырат. Сүрөттөр, скульптуралар, зергер буюмдар, кол өнөрчүлүктүн үлгүлөрү жана жасалма оймо-чиймелер бар. Көргөзмөнүн өзгөчөлүгү – бардык эмгектер музейдин кызматкерлеринин искусствого болгон заманбап көз карашын чагылдырган чыгармачыл иликтөөлөр.
Эске салсак, эл аралык ТҮРКСОЙ уюму 2024-жылды Махтумкули Фрагинин жылы деп жарыялаган жана анын мааракеси ЮНЕСКО менен биргеликте белгилөө үчүн маанилүү даталардын тизмесине киргизилген.
Огулширин Джепарова, Түркмөнстан мамлекеттик маданий борборунун адиси:
– Менден көргөзмө үчүн бир нерсе тигип көрбөйсүңбү деп сураганда, мен албетте, макул болдум. Бул мен үчүн абдан кызыктуу болду. Жеңдеги оймо – чиймелер мага көп убакытты талап кылды-бул жерде костюмдун башка бөлүктөрүнө караганда алда канча көп. Алар түсү, өлчөмү менен гана эмес, жайгашкан жери менен да айырмаланат. Мен мындай байыркы үлгүлөрдү биринчи жолу жасап жатам.
Гурбанмухаммет Байрамов, Түркмөнстан мамлекеттик маданий борборунун улук адиси:
– Мен бир жыл бою сүрөт тарттым. Ага кичинекей кызды элестеттим. Ал аркылуу мен таза жана жарык дүйнөдө жашаган жаш муундарыбызды көрсөткүм келди. Бүгүн менин ишим биздин конокторду кубанта алган болсо, мага абдан жагымдуу болот.
Которгон: Илгиз Жамалбеков