Москвада Астананын маданият күндөрү өтүп жатат. Биринчи күнү музыкалык
жаш көрүүчүлөр театрынын артисттери Орусиянын борборунун драма мектебинин
сахнасында этно-фольклордук «Кыз жибек» мюзиклын тартуулашты. Казак
фольклорунун бермети катары таанылган лирикалык поэма кыз менен жигиттин
ортосундагы чыныгы сүйүү, достук, патриоттук сезимдерге негизделген. Уюштуруучулардын
айтымында, мюзикл москвалык көрүүчүлөрдүн купулуна толду. Жагымдуу сюжет,
таасирдүү музыка жана актёрлордун чебер аткаруусу көрүүчүлөргө кайталангыс
маанай тартуулады.
Ошондой эле көрүүчүлөргө «Гаухарташ» музыкалык драмасы сунушталды.
Казакстандын борбор калаасынын маданият күндөрүнүн алкагында ата мекендик
сүрөтчүлөрдүн эмгектери коюлган «Астана – менин сүйүүм» аттуу сүрөт көргөзмөсүн
өткөрүү пландалууда. Андан
кийин борбордун акимчилиги менен Москва өкмөтүнүн делегациясынын жолугушуусу
болот. Астананын маданият
күндөрү Москванын Эл аралык музыка үйүнүн сахнасында концерт менен аяктайт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков