Арменияда Казакстандын маданият күндөрү өттү. Биринчи күнү эле көрүүчүлөр заманбап атамекендик кинонун мыкты чыгармаларын көрүштү. Масштабдуу иш-чаралар «Казак хандыгы. Алтын так» тарыхый тасмасы менен ачылды. Мындан тышкары көрүүчүлөрдүн назарына «Токто, түн» жана «патриоттордун убактысы» тасмалары, ошондой эле «Казакфильм» студиясынын карлыгачтын «куйругу эмне үчүн айры?» мультипликациялык тасмасы сунушталды.
Маданият күндөрүнүн алкагында эмгек сиңирген ишмерлердин, искусство чеберлеринин жана белгилүү артисттердин гала-концерти уюштурулду. Сахна төрүндө угармандардын жүрөгүнөн обондуу ырлар жана элдик композициялар жаңырып орун алды. Еревандагы Алматы көчөсүндө Абай Кунанбай уулунун атындагы парк ачылды. Анда улуу акындын китептери тааныштырылды. Коноктор казактын улуттук тамактарын татып көрүштү. Паркка талдын көчөттөрү да отургузулду. Бул эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерди жана күчтүү маданий байланыштарды бекемдөөнүн символу. Белгилей кетсек, фестивалдын алкагындагы иш-чараларга 3 миңден ашуун адам жыйналды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

