Эт, казы-карта, сырне, кымыз, боорсок, таруу. Казак
улуттук ашканасы өзүнүн бай жана ар түрдүүлүгү менен чет элдик туристтерди
өзүнө тартат. Бул кулинардык салттар уникалдуу даам сүйүүчүлөр үчүн жаңы тартуу
чекити болуп калат, дешет серепчилер. Ошондуктан саякатчылар гастрономиялык
тажрыйба алуу жана жергиликтүү тургундардын меймандостугун сезүү үчүн өлкөгө
келүүнү тандашат. Казак ашканасына блогерлердин жана чет элдик маалымат
каражаттарынын кызыгуусу жогору. Алар көбүнчө Астана, Алматы жана Шымкенттеги
кафе-ресторандарга барышат.
Даниел Сержанулы, «Kazakh Tourism»
улуттук компаниясы башкармалыгынын төрагасынын орун басары:
- Улуттук тамак-ашты жана каада-салттарды кайра жандандыруу менен Казакстан маданий туристтердин, анын ичинде гастротуристтердин катарына кирет. Буга дүйнөлүк маалымат каражаттары жана медиа-ресурстар неномадиялык ашканасы делген тамактарды даңазалап жатканы далил. Өткөн жылы Нью-Йорк Таймс заманбап көчмөн ашканасы менен алектенген бир нече жерлерди, ресторандарды белгилеп, аны сунушталган жерлеринин тизмесине киргизген. Бул жылы СНН Тревел Казакстандын гастрономиясынын келечегин жогору баалады. Ошондуктан, бул багыт, ал тургай, Кытайдын медиасы үчүн да кызыктуу болот.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

