Түрк тилдүү өлкөлөрдүн окумуштуулары бирдиктүү тарыхый монографияны даярдоо маселесин талкуулашты

Түрк тилдүү өлкөлөрдүн окумуштуулары бирдиктүү тарыхый монографияны даярдоо маселесин талкуулашты

Алматыда окумуштуулар түрк өлкөлөрүнүн тарыхы боюнча эки томдук бирдиктүү академиялык басылманы даярдоо маселесин талкуулашты. Ошондой эле жолугушуунун жүрүшүндө эл аралык жумушчу топтордун курамы, келечектеги эмгектин түзүмү жана методологиясы аныкталды. Эске салсак, жалпы монографияны түзүү идеясы өткөн жылы Бишкекте Түрк мамлекеттер уюмунун саммитинде сунушталган. Түрк академиясы көзөмөлдөп жаткан долбоорго азыр окумуштуулар жана серепчилер тартылууда. Адистердин пикиринде, бул иш түрк элдеринин жалпы тарыхый мурасын илимий түшүнүүгө жана өлкөлөр ортосундагы маданий жана гуманитардык байланыштарды чыңдоого багытталган.

Которгон: Илгиз Жамалбеков