Казакстандын Президенти Тмуга Мүчө Өлкөлөрдүн Жогорку Сотторунун Төрагаларын Кабыл Алды

Казакстандын Президенти Тмуга Мүчө Өлкөлөрдүн Жогорку Сотторунун Төрагаларын Кабыл Алды

Казакстандын президенти Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) мүчө өлкөлөрдүн жогорку сотторунун төрагаларын кабыл алды. Касым-Жомарт Токаев ТМУнун мамлекеттер ортосундагы, анын ичинде сот жана укук коргоо чөйрөлөрүндөгү кызматташтыкты өнүктүрүүдөгү өзгөчө ролун белгиледи. Президент Түркестанда өтө турган Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн жогорку сотторунун экинчи конференциясында эң актуалдуу маселелер – сот чөйрөсүн санариптештирүү, ошондой эле инвесторлордун укуктарын коргоо талкууланарын баса белгиледи. Бул уюмдун өнүгүшүнө дем берип, анын беделин жогорулатат. Казакстан болсо өз кезегинде ТМУнун алкагындагы натыйжалуу демилгелерди ар дайым колдойт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков