Казакстан
менен Армениянын
ортосундагы
товар айлануу 2023-жылы 53 миллион долларга жетти. Көрсөткүч бир жылда 23%дан ашык өстү. Деген менен, серепчилердин пикиринде,
экономикалык өз ара кызматташуунун дарамети бир кыйла жогору. Тараптар
кызматташтыкты динамикалуу түрдө күчөтүүгө ниеттенүүдө. Айрыкча, транспорт жана
логистикалык байланыштарды өнүктүрүүгө басым жасалат. Бүгүнкү күндө Казакстанда
армян капиталы менен жүздөгөн компания ийгиликтүү иштеп келет. Ал эми Арменияда
казакстандык инвестициянын катышуусу менен 100дөн ашык ишкана иштейт.