Археологдор Казакстандагы байыркы порт шаарын изилдеп жатышат

Археологдор Казакстандагы байыркы порт шаарын изилдеп жатышат

Казакстандагы Каракабак шаарчасынан Византия, Индия, Рим, Персия жана Кытай өлкөлөрү менен байланышкан баалуу буюмдар табылды. Муну тарыхый жердин түпкүрүнөн чыккан эски тыйындар, мөөрлөр, чопо идиштер далилдейт. Ошондой эле археологдор байыркы порт катары кызмат кылган аймактын издерин аныкташкан.

Андрей Астафьев, археолог:

– Каракабактан 150гө жакын тыйын табылды. Алар негизинен Парфия падышалыгы, Хорезм, Согду, Кытайдын көөнө тыйындары. Бул экспонаттар бизге Маңгыстау байыркы эл аралык соода жолдорунун маанилүү бир бөлүгү болгонун айгинелейт. Бул өтө маанилүү, абдан баалуу маалыматтар.

Маңгыстау аймагындагы байыркы шаар болжол менен эки миң жылдык тарыхка ээ. Каракабак II кылымдагы Рим окумуштуусу Клавдий Птолемей түзгөн Каспий деңизинин чыгыш жээгинин картасында Аспабота деген мамлекет катары көрсөтүлгөн. Жергиликтүү окумуштуулар тарыхый жерди азыркы тил менен айтканда Улуу Жибек жолунун бутагынын Каспий боюндагы өлкөлөрдүн логистикалык хабы болгонун айтышат.

Акан Оңгар уулу, А.Х. Маргулан атындагы Археология институтунун башкы мүдүрү:

– Табылган экспонаттарыбыз Улуу Жибек жолунан да ары чоң соода жана талаа жолу болгондугун, ал жолдун тарыхы эки миң жылдык экенин, башкача айтканда, бүгүнкү тил менен айтканда, Актаудагы деңиз портунун тарыхы эки миң жыл экенин, жок жерден эч нерсе пайда болбогонун билдирет.

Адистер Каракабак аймагында илимий-археологиялык база, ачык асман алдындагы музей, туристтик инфраструктура жана атайын экскурсиялык багыттарды түзүүнү мерчемдеп жатышат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков