Германияда Түркмөнстандын экономика күндөрү өттү

Германияда Түркмөнстандын экономика күндөрү өттү

Түркмөнстандын экономика күндөрү Франкфурт-на-Майне шаарында өттү. Эки күндүк иш-чарага эки өлкөнүн министрликтеринин жана мекемелеринин өкүлдөрү, ошондой эле ири компаниялардын жана каржы институттарынын жетекчилери чогулушту. Катышуучулар соода-экономикалык кызматташтыктын келечегин, өнөр жайды, транспортту жана логистиканы өнүктүрүүнү, энергетикалык өнөктөштүктү талкуулашты. Санариптик трансформация жана электрондук өкмөттү түзүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Өз ара аракеттенүүнүн артыкчылыктуу багыттарынын арасында инновациялар, агрардык сектор, суу ресурстарын рационалдуу башкаруу бар. Катышуучулар Түркмөнстандын химиялык тармагын узак мөөнөттүү өнүктүрүү стратегияларын өзүнчө караштырышты. Ал жаратылыш газын рационалдуу пайдаланууга жана экологиялык таза технологияларды киргизүүгө негизделген. Талкуулар пленардык жыйындардын, B2B- жана B2G-жолугушуулардын алкагында өттү, ал эми аягында тараптар эки тараптуу кызматташтык жөнүндө документтерге кол коюшту.

Пэр Бродерзен, Германия агробизнес бирикмесинин аткаруучу мүдүрү:

- Биз Түркмөнстандын агрардык секторун модернизациялоо мүмкүнчүлүктөрүн жана варианттарын сунуштайбыз, бул сектордун өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга, ошондой эле калктын азык-түлүк менен коопсуздугун камсыз кылууга багытталган. Биз биргелешкен чакырыктарды жакыныраак талкуулай алабыз деп үмүттөнөбүз.

Питер Саксе, КМШдагы «John Deere» компаниясынын өкүлү:

- Биз Германиянын рыногунда айыл чарба техникаларын чыгаруучу эң ири америкалык компаниябыз. Биз 30 жылдан бери Түркмөнстан рыногунда иштеп жатканыбызга абдан сыймыктанабыз. Биз тажрыйбабызды жана кызматташтыгыбызды жогору баалайбыз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков