«Борбор Азиядагы жибек жолу мурасынын коридорлору» Европа Биримдиги жана ЮНЕСКО долбоору

Улуу Жибек Жолунун боюндагы маданий мурастарды сактоо жана жаңыртуу. Астанада «Борбор Азиядагы Жибек Жолу мурас коридорлору – Европалык маданий мурас жылынын эл аралык аспектилери» аттуу аймактык долбоорунун жыйынтыгы чыгарылды. Белгилей кетсек, бул Европа Биримдигинин жана ЮНЕСКОнун Алматыдагы аймактык кеңсеси тарабынан байыркы соода кербенинин аймагына саякатчылардын агымын көбөйтүү максатында көтөрүлгөн масштабдуу демилге. Ал үчүн туристтик гиддер менен реставраторлор, археологдор жана кол өнөрчүлөр үчүн атайын окуулар өткөрүлдү. Долбоордун максаты - эски соода жолунун боюндагы мамлекеттердин маданиятын жана тарыхын таанытуу, алардын кооз жаратылышын ачуу, байыркы эстеликтерди модернизациялоо жана калыбына келтирүү.

 

Маджер Массанов, ЮНЕСКОнун Алматыдагы аймактык кеңсесинин долбоор координатору:

 

-Казакстан менен Кыргызстанда көптөгөн байыркы шаарлар бар. Мисалы, Казакстанда Кулан, ал эми Кыргызстанда Кызыл дарыя деген эски конуштар бар. Тажикстандын тоолуу Бадахшан автономиялуу округунда жайгашкан улуттук жаратылыш парк, Өзбекстандагы Богбонлы мечитин да айтууга болот. Ал Хива аймагындагы байыркы курулуш имараты. Мындай тарыхый жерлерди, эстеликтерди жаңылоо керек. Ал жерлерде учурда туристтерге ылайыктуу инфраструктураны түзүү иштери жүрүп жатат. Анткени дал ушул байыркы объекттер Улуу Жибек жолунун тарыхын ачып берет. Аларды сактап калуу керек.

 

Евробиримдиктин Казакстандагы элчисинин айтымында, мындай биргелешкен иштер аймактагы башка багыттар боюнча да жүргүзүлүүдө. Аларды ишке ашыруу эски континент биримдигинин аймак өлкөлөрү менен көп тараптуу мамилелерди чыңдоого умтулуусун көрсөтөт.

 

Кестутис Янкаускас, Европа Биримдигинин Казакстандагы элчиси:

 

-Кеп инвестиция салынган миллиондогон евролор жөнүндө болуп жатат. Көптөгөн биргелешкен долбоорлор бар. Бул катарда биз Транскаспий транспорттук коридорун өнүктүрүүгө багытталган долбоорлор, аба транспорту, чакан жана орто бизнести илгерилетүү сыяктуу тыгыз байланышкан демилгелерди ишке ашырып жатабыз. Алардын баары бизнести өнүктүрүүнү, жакшы мамиле түзүүнү максат кылышат. Мындан тышкары, Европа Биримдиги менен Борбордук Азиянын ортосундагы маданий алмашуу жагы да бар.

 

Ошондой эле, Жибек Жолунун 60 тарыхый музей экспонаттарынын уникалдуу көргөзмөсү ачылды. Бул мурастарды Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Түркмөнстандын улуттук музейлери сунуштады.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков