Эл аралык рейтинг агенттиги Казакстан экономикасынын өсүшүн болжолдоду

Эл аралык рейтинг агенттиги Казакстан экономикасынын өсүшүн болжолдоду

Баяндамада өлкөнүн экономикасынын чыңдалышына фискалдык жана тышкы баланстын негизги көрсөткүчтөрү өбөлгө түзөрү айтылат. Алар туруктуу жана мунай экспортунун төмөндөшүнөн улам мүмкүн болуучу терс таасирин азайтууга жөндөмдүү болот. Серепчилер бул жаатта Өкмөт жүргүзүп жаткан эффективдүү макроэкономикалык саясат жакшы натыйжа берип жатканын белгилешти. Ал инвестициялык программалар аркылуу экономиканы ар тараптандырууга, инвестициялык климатты жакшыртууга, мамлекеттин катышуусун кыскартууга, салык саясатын өркүндөтүүгө, мамлекеттик сатып алууларды реформалоого, бизнес үчүн административдик тоскоолдуктарды азайтууга багытталган. Адистердин айтымында, мунай эмес сектордогу туруктуу өсүш чет элдик инвестицияларды тартуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар менен камсыз кылынат. Жалпысынан эл аралык рейтинг агенттиги Казакстандын экономикасынын өсүшү быйыл 4%дын тегерегинде жана 2023-2026-жылдары орто эсеп менен 4%дан жогору болорун болжолдоодо.

Которгон: Илгиз Жамалбеков