Чыгыш Казакстан облусунда катоддуу жез өндүргөн ири завод ачылат

Чыгыш Казакстан облусунда катоддуу жез өндүргөн ири завод ачылат

Бул тууралуу өкмөт тоо-металлургия комплексин өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулаган жыйында белгилүү болду. Долбоорду ишке ашыруу Казакстанга олуттуу чет элдик инвестицияларды жана жаңы технологияларды тартууга, ошондой эле миңден ашык туруктуу жумуш орундарын түзүүгө мүмкүндүк берет. Жаңы завод Казакстандын экспортун көбөйтүүгө чоң салым кошот. Талкуунун жыйынтыгы боюнча Премьер-министр ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга инвесторлор менен жигердүү өз ара аракеттенүүнү камсыз кылууну тапшырды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков