Кашаганда газды кайра иштетүүчү заводду куруп жаткан компания мамлекеттин менчигине өтөт. Казакстандын өкмөтү тиешелүү токтомду кабыл алды. Белгилей кетсек, аталган компания Кашаган кенинен алынган чийки заттын негизинде кубаттуулугу 1 миллиард куб метрден ашык газды кайра иштетүүчү завод куруу долбоорунун оператору болуп саналат. Жеке инвестор аны улантуудан баш тарткандыгына байланыштуу ал QazaqGaz улуттук компаниясынын балансына өтөт. Бул өз кезегинде ички рынокту жеткиликтүү товардык жана суюлтулган газ менен камсыздоону көбөйтүүгө, ошондой эле заводду куруу долбоорун өз убагында ишке ашырууга шарт түзөт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков