АӨБ Казакстандагы алгачкы гендердик облигацияларды жайгаштырат

АӨБ Казакстандын фондулук биржасына 20 миллионго жакын каржы тартуу аркылуу өлкөдө алгачкы гендердик облигацияларды жайгаштырды. Бул тууралуу каржы институтунун өкүлдөрү билдиришти. Банктын казыначысынын орун басары Джонатан Гросвенордун айтымында, бул иш-чаралар аялдардын алдыга жылышына жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү менен катар тең укуктуулугуна көмөктөшөт. Ошентип, тартылган 38 миллиард теңге ата мекендик - «аялдар ипотекасы» долбоорун каржылоого багытталат. Айта кетсек, быйылкы  жазда баштала турган жаңы турак-жай программасынын оператору «Отбасы» банкы, ал эми республиканын Каржы министрлиги тышкы насыянын кепилдиги болот.

ДЖОНАТАН ГРОСВЕНОР, АӨБ КАЗЫНАЧАСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ:

 - Бул долбоор кеминде 3 миң аялды жеткиликтүү турак-жай алууга узак мөөнөттүү каржыландырууга мүмкүндүк берет. Насыя алууну каалагандар

Нур-Султан, Алматы, Актау жана Атырау сыяктуу ири шаарлардан тышкары жашоосу шарт. Насыя алуучулар жашы жеткен жана Казакстандын жараны болушу керек. АӨБдүн насыясынын эсебинен каржыланган ипотекалык насыялардын кеминде 20% аз камсыз болгон, үй-бүлөсүнүн айлык кирешеси 200 миң теңгеден ашпаган насыя алуучу аялдарга берилет.

Адистердин айтымында, бүгүнкү күндө Казакстанда 9 миллиондон ашык аял жашайт, анын 4,5 миллиону жумуш менен камсыздалган жана алардын жарымы үй-бүлөсүн өз алдынча камсыз кыла алышат. Ошол эле учурда, аялдар орто эсеп менен эркектерге караганда үчтөн бирине аз эмгек акы алышат.