Өкмөт күйүүчү майдын баасын көтөрүүгө мажбур экендигин маалымдады

Өкмөт күйүүчү майдын баасын көтөрүүгө мажбур экендигин маалымдады

Бул тууралуу өкмөттүн жыйынында министрлер кабинетинин башчысы Алихан Смаилов билдирди. Анын айтымында, бул аргасыз чара. Мындай болбогон учурда өлкө жакын арада күйүүчү май тартыштыгына дуушар болот. Күйүүчү майдын чоң бөлүгү коңшу өлкөлөргө транзиттик унаалар менен ташылып жатат. Анын негизги себеби Казакстандагы күйүүчү майдын арзандыгы. Мисалы, дизель майы Орусияда 45%, Кыргызстанда 64%, Өзбекстанда эки эсе кымбат, дээрлик 100% кымбат. Ал эми экономиканын негизги тармактарында реалдуу керектөөнүн көлөмү олуттуу өзгөргөн жок, деп белгиледи премьер-министр. Өкмөт башчынын айтымында, ички рынокту колдоо чаралары улантылат. Алдыдагы жазгы айдап-себүү иштеринин жүрүшүндө айыл чарба өнүмдөрүн өндүрүүчүлөргө арзандатылган дизель майы берилет.

Алихан Смаилов, Казакстандын Премьер-министри:

- Натыйжада, айрыкча айыл чарба иштерин дизель майы менен камсыз кылууда күйүүчү майдын тартыштыгына дуушар болуп жатабыз. Бүгүнкү күндө ата мекендик мунайды кайра иштетүүчү заводдор максималдуу кубаттуулукта иштеп жатат. Биз Казакстан менен коңшу мамлекеттердин ортосундагы баанын айырмасын азайтууга аргасызбыз. Бизде мындан башка арга жок! Болбосо бир айдан кийин күйүүчү майдын тартыштыгына кабылабыз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков