Дагы 30 казакстандык компания Alibaba рыногунда "Алтын
жеткирүүчү" макамына ээ болот. Эл аралык соода платформасында ишке
киргизүү боюнча программага катышуу үчүн ата мекендик ишканаларды тандоонун
экинчи туру башталды. Өлкөнүн Соода жана интеграция министрлигинин маалыматы
боюнча, жыл башынан бери платформада 44 уюм “Алтын жеткирүүчү” макамын алган.
Бул айыл чарба, даяр тамак-аш өнүмдөрүн, унааларды жана жабдууларды, транспорт
каражаттарын, приборлорду жана аппаратураларды, ошондой эле химиялык өнүмдөрдү
өндүрүүчүлөр. Жалпысынан быйылкы жылы 70 ата мекендик компанияны соода аянтчасына
жайгаштыруу планы бар.
Галымжан Оразалин, «QAZTRADE» АК электрондук коммерция департаменти мүдүрүнүн орун басары:
Программага катышуу үчүн өндүрүүчүлөр да, ортомчулар да, соода компаниялары да кайрыла алышат. Премиум макамы бар компанияларга акча каражаттарын төлөөдөн тышкары, ишкерлерге текшерүү процессинен өтүү, соода платформасында веб-сайттарды түзүү, ошондой эле бардык суроолор боюнча кеңеш жана колдоо алуу мүмкүнчүлүгү берилет. "Алтын жеткирүүчү" макамы бар компанияларга издөөдө, өнүмдүн сапатын тастыктоодо жана жеткирүүчүнүн текшерилген юридикалык жак экендигине карата артыкчылык берет.
Серепчинин айтымында, казакстандык тамак-аш азыктары арзан баада жогорку сапаттагы органикалык өнүм катары өзүн далилдеди. Мисалы, Alibaba платформасында ата мекендик бал 2020-жылдан бери эң көп талап кылынган өнүмдөрдүн бири. Бүгүнкү күндө соода аянтына жалпысынан 5 миң казакстандык товар коюлган. B2B базары аркылуу ата мекендик компаниялардын жалпы макамы 2020-жылдан 2022-жылга чейин 300 миллион доллардан ашты. Ошондой эле, дагы бир кытай базары JD.com 25 казакстандык бренддин өнүмүн сунуштоодо.
Которгон: Илгиз Жамалбеков