Казакстан – Евробиримдик: санкциядан тышкары кызматташтык

Казакстан – Евробиримдик: санкциядан тышкары кызматташтык

Казакстан менен Евробиримдик түрдүү тармактарда, анын ичинде саясат, соода-экономика, укук, транспорт, энергетика, билим берүү, илим жана айлана-чөйрөнү коргоо тармагында кызматташууну түзүшкөн. Тышкы иштер министринин орун басары Роман Василенко Евробиримдик Казакстандын негизги соода жана инвестициялык өнөктөшү экенин айтты. Евро биримдик өлкөнүн тышкы соодасынын жана түз чет элдик инвестициянын 40 пайызын түзөт.

Роман Василенко, тышкы иштер министринин орун басары:

– Евробиримдиктин өкүлдөрү менен кызматташуунун түрдүү багыттарын талкууладык. Биримдик чек ара коопсуздугу, билим берүү жана баңги аткезчилигине каршы күрөшүү боюнча мамилелерди чыңдоо боюнча көп жылдык программаларды ишке ашырып келет. Алардын алкагында Казакстан менен Борбор Азиядагы долбоорлорду каржылайт. Жыйындын жүрүшүндө Евробиримдиктин өкүлдөрү мындай долбоорлорду каржылоону көбөйтүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Люк Девинь, Евробиримдиктин Орусия, Борбордук азия жана екку боюнча башкаруучу мүдүрүнүн орун басары:

– Казакстан менен Евробиримдиктин ортосундагы достук көптөн бери уланып келет. Кызматташуу 29 багытты камтыйт. Бул эки тараптуу жана аймактык өнөктөштүккө тиешелүү. Анда Казакстандын ролу чоң. Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррел быйыл Борбор Азияга, анын ичинде Казакстанга барууну пландап жатат. Биз мындан ары да кызматташуубузду бекемдейбиз. Касым-Жомарт Токаевдин жалган куран айынын 16да жарыялаган жаңы Казакстанды түзүү программасынын аткарылышын кызыгуу менен көз салып турабыз. Президенттин айткандары биздин баалуулуктарга туура келет.

Евробиримдик өкүлдөрүн кызыктырган транспорттук коридорлордун бири – Транскаспий эл аралык транспорттук багыты. Роман Василенко европалык кесиптештерине анын артыкчылыктары тууралуу айтып, бул ыкманы колдонуу Евробиримдиктин «Глобалдык дарбаза» стратегиясынын максаттарына туура келерин белгиледи. Тараптар мындан тышкары, жашыл энергетиканы өнүктүрүү, Европанын жылытуу жана чийки зат альянсы менен өнөктөштүк мамилелерди түзүү, климаттын өзгөрүшүнө каршы биргелешип күрөшүү, Казакстандын 2060-жылга чейин көмүртектин нейтралдуулугуна жетишүү мерчемдерин талкуулашты.

Клемен Грошель, Евро Парламенттин Казакстан боюнча туруктуу баяндамачысы:

– Мен Казакстандын экономикасын көмүртексиздендирүү боюнча улуттук планын билгенде абдан таң калдым. Бул өлкөнүн аталган багытта Европа Биримдиги үчүн үлгү экенин көрсөтүп турат. Бизде кызматташууга кеңири мүмкүнчүлүктөр бар. Эгерде бардыгы план боюнча жүрсө, тыгыз кызматташууну орнотуу үчүн мол мүмкүнчүлүктөр түзүлөт.

Эми тараптар Казакстан-Европа Биримдиги өнөктөштүк кеңешинин 19-отурумунда жолугушууга ниеттенүүдө. Ал кулжа айына мерчемделген.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков