Мажилис Бажы биримдигинин ЕЭА тууралуу макулдашуусуна өзгөртүүлөрдү кабыл алды

Мажилис Бажы биримдигинин ЕЭА тууралуу макулдашуусуна өзгөртүүлөрдү кабыл алды

Эске сала кетсек, 2021-жылдын күзүндө Евразиялык экономикалык биримдикке кирген 5 өлкөнүн лидерлери Москвада бул боюнча протоколго кол коюшкан. Документ Биримдиктин күчүнө кирген жаңы Бажы кодексинин нормаларына ылайык терминологияны жана бажылык жөнгө салуу маселелерин шайкеш келтирүүнү карайт. Негизинен укуктук жана редакциялык оңдоолор киргизилди.

Марат Карабаев, Индустрия жана инфраструктураны өнүктүрүү министри:

- Атайын экономикалык аймактардын резиденттери буга чейин каттоодон өткөндөн кийин милдеттүү түрдө жарыялашыбыз керек болчу. Бирок кайсыл жерде, кандай ЖМКда жарыялоо механизми такталган эмес. Жаңы мыйзамга ылайык, ишкананын резиденти бар бирикменин расмий сайтына жарыялоо зарылчылыгы так көрсөтүлгөн. Үчүнчүдөн, эркин бажы зонасынын бажы жол-жобосун жөнгө салууга, башкача айтканда Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодексине жана аталган биримдиктин талаш-тартыштарды чечүү боюнча келишимине шилтеме жасалган.

Ошондой эле, парламент мүчөлөрү КМШга мүчө-мамлекеттердин жасалма товардык белгилерди жана географиялык көрсөткүчтөрдү колдонуунун алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча кызматташуусу жөнүндө макулдашууну жактырды. Документ бардык тараптарды жалган өндүрүш менен соодалоо ошондой эле Шериктештиктин чек араларынан чет элдик бренддер менен өткөн өнүмдөрдү өз убагында аныктап, жүгүртүүгө бөгөт коёт. Башкача айтканда, келишим өлкөлөргө бизнестин интеллектуалдык укуктарын коргоо үчүн күчтөрдү бириктирүүгө мүмкүндүк берет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков