БШК 43 эл аралык байкоочулар тобун каттады

БШК 43 эл аралык байкоочулар тобун каттады

Борбордук шайлоо комиссиясы эл аралык байкоо жүргүзүү институтун ачты. Эл аралык уюмдардын жана бир чет мамлекеттин 43 өкүлүнөн турган биринчи топ аккредитациядан өттү. Алар Казакстанда жетинин айында өтө турган кезексиз президенттик шайлоонун жүрүшүнө көз салышат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын катчысы Мухтар Ерман Астанадагы жыйында билдирди.

Мухтар Ерман, БШК катчысы:

- КМШ миссиясынан – 6 байкоочу, КМШга мүчө-мамлекеттердин Парламенттер аралык ассамблеясынан – 17, Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун Демократиялык шайлоолор боюнча бюросунун миссиясынан шайлоого байкоо жүргүзүү үчүн – 13 байкоочу, Түрк мамлекеттери уюмунан – 5 байкоочу жана Грузиядан – эки талапкер.

Которгон: Илгиз Жамалбеков