Ал бирдин айынын 10на чейин өткөрүлөт. Тестке 125 миңге жакын абитуриент арыз берген. Бул тууралуу Илим жана жогорку билим берүү министрлиги билдирди. Экзаменге жогорку окуу жайларына шарттуу кабыл алынган студенттер, чыгармачылык даярдыгы талап кылынган топтордон окуу программаларынын башка группаларына которууну каалаган студенттер жиберилет. Ошондой эле, бул акы төлөнүүчү негизде «Педагогикалык илимдер» билим алууну каалагандарга жана акы төлөнүүчү форматта окууну каалаган абитуриенттерге да тиешелүү болуп саналат. Каттоо учурунда тестирлөөчүлөр сынактын ордун, күнүн жана убактысын өздөрү тандашат. Ал эми тестирлөөнүн форматы өзгөрүүсүз калды. Бардыгы - 120 суроо. Эң жогорку упай – 140. Тесттен өтүү үчүн 4 саат убакыт берилет. Ошондой эле, өзгөчө билимге муктаж балдар үчүн кошумча 40 мүнөт убакыт бөлүнгөн. Абитуриенттердин тестирлөөдө калькуляторлорду жана Менделеев таблицасын колдонуусу мыйзамдуу деп табылат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков